Биз менен байланышыңыз

Көкбөрүчүлөр элди ынтымактуу болууга чакырды

Кыска кабар | 1 Сен 2023 | 965 | 0

Талас облусунун «Ынтымак» командасы жана Ош облусунун «Достук» командасынын көкбөрүчүлөрү биргеликте видео кайрылуу жасады.

Анда «Ынтымак» командасынын капитаны Жолдошбек Орозбаев мындай окуялар беттештерде болуп келерин айтып, күйөрмандарды эмоцияга алдырбоого чакырды.

Ал эми «Ынтымак» командасынын жетекчиси, депутат Дастан Жумабеков: «Таластык көк бөрүчүлөрдү сабап салышыптыр, — деген маалыматтар тарап кетиптир. Бул курулай провокация. Эч ким сабалган жок. Жигиттердин баары ушул жерде. Биз азыр «Достук» командасынын жигиттери менен бир жерде чогуу отуруп чай ичтик. Алар бизди сыйлап, узатып коелу деп келишти», — деп билдирген.

«Достук» командасынын капитаны Кыяз Ниязов оюндун аягында чыккан чыр үчүн күйөрмандардын атынан кечирим сурап, мындай оюндарда эмоцияга алдырбоого чакырды.

Ташиев көкбөрүдө чыккан чыр боюнча кайрылуу жасады

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM