Биз менен байланышыңыз

Ташиев көкбөрүдө чыккан чыр боюнча кайрылуу жасады

Кыска кабар | 1 Сен 2023 | 1478 | 1

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында өткөн көкбөрү оюнунун финалынан кийин чыр чыкканы боюнча түнү кайрылуу жасады.

Ал стадиондо чыр чыгаргандар жазага тартылат деп билдирди.

Ташиев көкбөрүчүлөр арасында чыккан чыр боюнча укук коргоо органдары териштирүү баштаганын, видеобайкоолор каралып жатканын билдирди.

«Ат оюндун айынан тытышып кеткен уят нерсе. Айрым провокаторлор муну аймак аралык кастыкты козутууга колдонууну көздөп жатат. Азыр айрымдары кармалды», — деп кошумчалаган.

Ал сөзүнүн аягында элди ынтымакка чакырып өттү.

Эгемендиктин 32-жылдыгына карата Ошто көкбөрү боюнча президенттин кубогу өткөн. Социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында бир топ адамдар беттешүү өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган видео тараган.

Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы болгон күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алышкан.

«Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыгышып, баш байгени «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алды.

1 пикир

1 пикир

  1. Жунусова, Улукбубу.,

    01.09.2023 14:45

    Биздин чон майрамыбызда, элдин эн жакшы маанайын бузгандары ото начал болду,,, бул элди бурмолоо ,башка ну-ка буру жолун коздогондор , уюштургандарга катуу жаза берут керек , экинчи жолу кайталанбай турган кылып, , , Оштук туугандарга ото уят мыйман сыйлабас , ошолорду урматтап койсо болмок. . Ажообузда, ,жана К,Ташиев агаларынын урматына , да, оз агаларын басмарлоо аракеттери болгон сыяктуу болду, ,,,

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM