Биз менен байланышыңыз

Бүгүн, 31-август — Кыргызстанда эгемендик майрамы

Кыска кабар | 31 Авг 2023 | 509 | 0

Бүгүн, 31-август — Кыргызстанда эгемендик майрамы.

1990-жылы октябрь айында Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши мамлекеттин аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда республиканын Эгемендик тууралуу декларациясын кабыл алган. 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүк күнү жарыяланган.

Өлкө тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ бул майрам эки күн: 30-31-августта белгиленет. Бул күндөр эс алуу күндөр болуп ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат.

Бүгүн өлкөнүн баардык айгамында эгемендиктин 32 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар уюштурулууда.

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы салтанаттуу иш-чара Ош шаарында өтүүдө. Бул жолу эгемендүүлүк майрамы Кыргызстандын туңгуч өкмөт башчысы, мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракеси менен чогуу белгиленип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM