Connect with us

Салык органдары 31-августта иштешет

Кыска кабар | 30 Авг 2023 | 324 | 0

Салык органдарынын кызматкерлери 2023-жылдын 31-августунда кадимки режимде иштешет. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Андыктан, салык төлөөчүлөр ушул күнү мүлк салыгынын суммасын эсептөө боюнча консультация ала алышат.

Белгилей кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак үйлөргө, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт.

Салыктарды каалаган банктын кассасынан, почта бөлүмүнөн, төлөм жана POS-терминалдардан, мобилдик жана Интернет-банкинг аркылуу, ошондой эле төлөм карталарын жана башка перифериялык түзүлүштөрдү колдонуу менен төлөөгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM