Биз менен байланышыңыз

Орусия: Сахароводо 209 кыргыз жараны кармалып турат

Кыска кабар | 29 Авг 2023 | 215 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Орусиянын Москва облусундагы Сахарово аймагына барып, мигранттардан кабар алды.

Акыйкатчы Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу атайын мекемеге барды. Дал ушул жерде чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары дагы убактылуу кармалат. Мекемеде акыйкатчы Орусиянын тиешелүү органдары тарабынан убактылуу кармоого жөнөтүлгөн Кыргызстандын жарандары менен жолугушту.

Акыйкатчы Кыргызстандын жарандарын жеке кабыл алды жана алардын кармоо шарттары менен таанышты. Акыйкатчы барган учурда атайын мекемеде баардыгы болуп Кыргызстандын 209 жараны бар экени белгилүү болду. Акыйкатчы институтунун, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, Кыргызстан менен Орусиянын элчилигинин өкүлдөрү аталган мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарына юридикалык кеп-кеңештерди беришти. Ошондой эле кээ бири өзгөчө жагдайлар боюнча кайрылышып, аларды Акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алды.

Сахороводо кармалган кыргызстандыктар көпчүлүк учурда Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылгандыгы үчүн кармалышкан.

Copyright © 2017 Maral FM