Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык прокуратурасы «Клооп» басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылды

Кыска кабар | 28 Авг 2023 | 424 | 0

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop.kg басылмасын жоюу боюнча Октябрь райондук сотуна кайрылган каты жарыяланды.Бул тууралуу 24 kg басылмасы жазып чыкты.

Жарыяланган документте “ Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү жарыялары басымдуулук кылат” деп түшүндүрмө берилген.

Ошондой эле сотко жиберилген катта Юстиция министрлигинде коомдук фонд катары катталганы жана ал мамлекеттик реестрде ЖМК катары катталбаганы да жүйөө келтирилген.

2021-жылы 2-ноябрда Kloop.Media коомдук фондунун бийликти басып алууга чакырык таштоо боюнча УКМК сотко чейинки өндүрүштү баштап экспертиза дайындалган.

“Клооп”  басылмасы Кыргызстанда 2008-жылдан бери иштейт. Ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири журналисттик иликтөөлөр. «Клооптун» Бишкек жана Ошто кеңселери бар, кыргыз жана орус тилдеринде макала, жаңылыктарды чыгарып келет.

Copyright © 2017 Maral FM