Биз менен байланышыңыз

Пригожиндин өлүмү расмий түрдө тастыкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Авг 2023 | 549 | 0

Орусиянын тергөө комитети «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин каза болгонун расмий тастыктады.

Комитет Тверь облусундагы учак кырсыгынан каза болгон 10 адамдын, анын ичинде үч экипаждын бардыгынын өлүмү такталганын, керектүү анализдери чыкканын билдирди.

Ал эми учк кырсыгы боюнча техникалык корутунду азырынча чыга элек. Буга чейин учактын кара кутусу иликтөө үчүн алынганы айтылган.

Евгений Пригожинге таандык делген Embraer жеке учагы 23-августта Москвадан Санкт-Петербургга учуп бара жаткан. Учак кырсыктап, ичиндеги он адамдын баары күйүп кеткен. Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин жана анын бир катар командирлери да болгон.

Путин Пригожин тууралуу: тагдыры татаал инсан жана таланттуу ишкер болчу

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM