Биз менен байланышыңыз

Путин Пригожин тууралуу: тагдыры татаал инсан жана таланттуу ишкер болчу

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 504 | 0

Орусия президенти Владимир Путин Твер облусунда кулаган учак жана анын ичинде бар экени айтылып жаткан Евгений Пригожин тууралуу үн катты.

Путин учак кырсыгында каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, каза болгондордун «Вагнер»  жеке аскердик уюмунун мүчөлөрү экенин, алардын Орусиянын украинага жарыялаган согушуна кошкон салымы чоң экенин билдирди.

Ал Пригожинге таандык делген учактын кыйроосу боюнча тергөө жүрүп жатканын айтып, экспертизанын жыйынтыгын күтүүгө туура келет деп белгилеген.

Владимир Путин Пригожинди 90-жылдардан бери тааный турганын ал тагдыры катаал, бирок көздөгөн максатына жете билген инсан экенин эскерген.

«Анын тагдыры татаал болду. Жашоодо олуттуу каталарды да кетирди, ошол эле убакта керектүү натыйжаларга да жетишти. Мен суранганда да, өзү үчүн дагы, соңку айларда согушка кошкон салымын эске алганда, жалпы кызыкчылык үчүн да салым кошту. Ал таланттуу адам, таланттуу ишкер болчу. Бир эле Орусияда эмес, Африкада да жакшы иштерди жасаган. Мага маалым болгондой, ал кечээ күнү Африкадан келген экен. Анын учагынын кырсыкка учураганы тууралуу мага таң эрте кабар беришти. Азыр тергөө жүрүп жатат, техникалык жана генетикалык экспертизанын да жыйынтыгы чыга элек. Биз бул ишти сөзсүз аягына чейин чыгарабыз», — деп кошумчалаган Владимир Путин.

Путинге жакын петербургдук ишкер Евгений Пригожин «Вагнер» куралдуу жарым-жартылай расмий түзүмүн негиздеген. Бул жеке аскердик компаниянын жалданмалары, анын ичинде абактардан тартылган жоочулар Украинадагы согушка жана Сирия менен Африка өлкөлөрүндөгү аскердик операцияларга активдүү катышкан.

Ал эми Пригожин ушул жылдын 24-июлунда Орусиянын коргоо министрлигине чакырык таштап, көп өтпөй Ростов шаарын ээлеп алышкан. Андан ары Москваны көздөй жол тартып, бирок кийин жеке аскерлерин өзү токтотконун, өлкөгө дестабилдүүлүк керек эместигин билдирип чыккан. Путин Пригожиндин бул аракетин «чыккынчылык» деп баалаган.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM