27-28-августта Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри доктор Рияд Аль-Малики Кыргызстанга расмий сапары менен келет.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын деңгээлинде расмий сүйлөшүүлөр өтөт.
Тараптар кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашат, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.