Биз менен байланышыңыз

Казак президенти өкмөткө чек арадагы унаа кезегин жөнгө салууну тапшырды

Кыска кабар | 26 Авг 2023 | 585 | 0

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев казак-кыргыз чек арасындагы абалды жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу Акордонун расмий Телеграм-каналы жазды.

“Президент тарабынан өкмөткө казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиленин негизинде жөнгө салууну тапшырды. Ошондой эле, чек арадан мыйзамсыз товар ташууну болтурбоо үчүн санариптештирүүнү жана автоматташтырууну активдүү киргизүү маселеси тууралуу кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керектигин белгиледи”, — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 25-августка карата алынган маалыматта, кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарапка өтө албай турган унаалардын кезеги  «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 350дөн ашык, «Чалдыбарда» 88, «Кең-Булуңда» 38, ал эми «Чоң-Капкада» 82 машинага жеткени айтылган.

Унаалардын узун кезегинен улам кыргыз тарап чек арада чатырларды тигип, айдоочуларга ысык тамак уюштуруп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM