Биз менен байланышыңыз

Акаев орус-украин согушунда Кыргызстан «Орусияны колдошу керектигин» айтты

Кыска кабар | 26 Авг 2023 | 363 | 0

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев орусиялык RT телеканалына маек берип, орус-украин согушунда Кыргызстан «Орусияга колдоо көрсөтүүсү керек» деп билдирди.

Акаев журналисттин Кыргызстанда Орусиянын атынан Украинадагы согушка катышкан жарандардын соттолушу боюнча суроосуна жооп берип жатып, ушундай жооп берген: «Мен бул маселени деталдуу карап чыккан жокмун, бирок Кыргызстан Орусиянын союздашы, ЕАЭБ жана ЖККУ уюмдарынын мүчөсү катары, албетте Орусияны колдошу керек. Орусия азыр колдоого муктаж. Мына ушундай кыйын күндөрдө өнөктөштүк билинет», — деген Аскар Акаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын УКМКсы буга чейин Орусиянын атынан жалданмам аскер болуп Украинадагы согушка катышкан кыргыз жаранын аныктаган. Ошондой эле Кыргызстандын бийлиги башка өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге катышуу мыйзамсыз экенин, мындай жагдай аныкталса ал сот жоопкерчилигине тартыла турганын эскертип келген.

Кыргызстан орус-украин согушунда нейтралдуу позицияда экенин жана эки өлкөнүн ички иштерине аралашпай турганын айтып келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM