Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө президенттик «Акылман» лицейи ачылды

Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 193 | 0

Бүгүн, 25-августта, Чолпон-Ата президенттик “Акылман” лицейи ачылды. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров жана билим берүү министри Каныбек Иманалиев катышты.

Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда. Окутуу кырыг-англис тилдеринде жүргузулөт. Бардык аймактардан окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өтүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Ага өлкөнүн баардык аймактарындагы 6-классты аяктаган окуучулар катыша алат.
Мугалимдер дагы сынактык негизде тандалып алынат. 2023-2024-окуу жылына балдарды кабыл алуу аяктап, 75 окуучу кабыл алынды. Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз, окуучулар үчүн да, окутуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.

Дүйнө агымына жараша “Акылман” лицейинде математика, физика, химия, биология предметтерине басым жасоо мерчемделүүдө. Сабактарды англис тилинде окутуу дагы максатка ылайык деп турабыз. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө тарбия маселеси дагы өзүнчө бир көйгөйгө айланып баратканын эске алып, бул билим уясында улуттук нарк-насилге, таалим-тарбияга чоң маани берилерин баса белгилеп кетейин”, — деген мамлекет башчысы Садыр Жапаров ачылыш сөзүндө.

“Акылман” табият таануу, математика жана техникалык билим берүү багыттары боюнча таланттуу окуучуларды тереңдетип окутууну жана илимий жана чыгармачылык потенциалын ачууну, ошондой эле алардын кесиптик билимин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган кесиптик даярдыгын камсыз кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM