Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: күн салкындап, жаан-чачын болот

Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 611 | 0

Кыргызстанда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматында 27-28-август күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы катталып, жаан жаайт. Буга байланыштуу тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде суу каптоолор жана сел жүрүшү мүмкүн.

«Сел жана топон суудан сактануу үчүн арыктарды, суу өтүүчү түтүктөрдү тазалооно өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

 

Copyright © 2017 Maral FM