Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министринин Германия сапарында бир катар документтерге кол коюлду

Кыска кабар | 25 Авг 2023 | 195 | 0

Кечээ, 24-августта Берлин шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары ушул жылдын ноябрында Гамбург шаарында өтө турган кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынын эске алуу менен, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, соода жүгүртүүнү өз ара көбөйтүү жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, герман инвестициясын айыл чарба, туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары, маалымат технологиялары жана башкалар сыяктуу келечектүү тармактарга тартуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун өзүнчө темасы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо болду. Атап айтканда, билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгү жана герман тарабынын 2024-жылы Бишкекте Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) аймактык өкүлчүлүгүн түзүү ниети белгиленди.

Тараптар ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү кызматташтыкты, Афганистандагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун башка актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз өкмөтү менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү ниети жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Документте тараптардын ортосундагы саясат, экономика, инвестиция, климат, “жашыл экономика”, маданият жана башка тармактарда кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү ниеттери чагылдырылган.

Copyright © 2017 Maral FM