Биз менен байланышыңыз

Жазуучу Олжобай Шакир 48 саатка камакка алынганы айтылды

Кыска кабар | 24 Авг 2023 | 368 | 0

Жазуучу, публицист Олжобай Шакир кечээ, 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан суракка алынып, 48 саатка атайын кызматтын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу анын бир катар жакындары социалдык тармакка жазды.

Жергиликтүү ЖМКлар Олжобай Шакирге карата “массалык башаламандык уюштуруу”, “бийликти басып алуу аракети” беренелери боюнча айып коюлуп жатканын билдирди.

Ага чейин Олжобай Шакирдин жакындары бир канча сааттан бери жок болуп жатканын айтып чыгышкан болчу. Кийинчерээк анын 8 саат сурак бергени жана камакка алынганы белгилүү болгон. Анын бөгөт чарасы бүгүн, 24-августта түштөн кийин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда карала турганы айтылды.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Олжобай Шакир акыркы мезгилде коомдук ишмер катары «РухЭш» адабий сайтын негиздеп,  журналисттик иликтөөлөрдү жасаган «Темиров LIVE» командасы менен кызматташып жүргөн. Ал жакында эле 31-августта митингге чыгып, Өзбекстанга ижарага берилди деген 4 пансионат тууралуу бийликтен түшүндүрмө талап кыларын айтып, Фейсбук аркылуу кайрылып келген.

Copyright © 2017 Maral FM