Биз менен байланышыңыз

24-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 513 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 24-августка караган түнү Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүүсү күтүлүүдө.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кыска мөөнөтүү жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +31…+36

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +33…+35 жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM