Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасындагы унаалардын узун кезеги дагы деле жоюла элек

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 393 | 0

Бүгүн, 23-августта “Ак-Тилек-автожол” жана “Кең-Булуң-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги дагы деле жоюла элек. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Саат 13:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын алдында Кыргызстандан чыкканга 493 унаа турат, “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайынын алдында 146 автоунаа турат.

Кечээки сутка ичинде Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа чыккан.

Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Эскерте кетсек, Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген. Ал жактарда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүүдө: медициналык, психологиялык, кеңеш берүүчү жана башка, ошондой эле ысык тамак уюштурулган.

Copyright © 2017 Maral FM