Биз менен байланышыңыз

АКШ президенти Борбор Азия лидерлери менен саммит өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Авг 2023 | 501 | 0

Ушул жылдын сентябрында АКШ президенти Жо Байден жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда саммит өтөт. Бул тууралуу Жо Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон катынын текстинде айтылат.

АКШ президенти өз катында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёвди сентябрдын аягында Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын ачылышы учурунда өтө турган “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы биринчи саммитке чакырган.

Өзбекстандык басылмалар саммит өткөрүү демилгеси АКШга таандык экенин жазды.

АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусу 19 же 20-сентябрга белгиленген.

 

Copyright © 2017 Maral FM