Биз менен байланышыңыз

Бишкекте автобус жана троллейбустар бүгүнтөн тарта электрондук төлөмгө өттү

Кыска кабар | 20 Авг 2023 | 160 | 0

Бүгүнтөн тарта борбор калаада муниципалдык автобус жана троллейбустарда накталай төлөм кабыл алынбайт. Эми төлөмдөр электрондук негизде «Тулпар» картасы аркылуу гана жүргүзүлөт.

Атайын акциянын алкагында 20-августтан 30-сентябрга чейин жүргүнчүлөр Тулпар стандарттык транспорттук картасын айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот.

Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.

Жүргүнчүлөр үчүн электрондук төлөмдөрдүн бир канча түрү бар:

— үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
— Виртуалдуу NFC картасы;
— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Мектеп картасын алуу үчүн мэриянын сайтынан онлайн режимде арыз калтыруу керек же мектеп администрациясы аркылуу онлайн тапшырса болот. Картанын баасы 50 сом (баланста 11 сом). Арыз калтыруу үчүн https://www.tulpar-card.kg/schoolcard шилтемеси аркылуу өтүңүз.Андан кийин бардык талааларды толтуруп, 3х4 форматындагы окуучунун сүрөтүн жана окуган жеринен маалымкат жүктөө керек.

Картаны сатып алгандан кийин мектеп картасын туташтыруу үчүн төмөнкүлөр керек:
🔹Тулпар мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз
🔹катталуу
🔹картаны өзүңүздүн жеке эсебиңизге байланыштырып, балансты толтуруңуз
🔹Жол картасынын «жүргүнчү» бөлүмүнөн сатып алыңыз.

Даяр картаны «Тулпар» тейлөө борборунан алсаңыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM