Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баткенде «сасык чайыр» өсүмдүгүнүн майын саткандардын ишине бөгөт коюлду

Кыска кабар | 18 Авг 2023 | 688 | 0

Баткен облусунда «сасык чайыр» өсүмдүгүн чогултуу жана сатуу боюнча мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлду. Мында билдирүүнү УКМКнын (Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) маалымат кызматы билдирди.

«8-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруу учурунда Баткен шаарынын аймагында ак түстөгү «Тойота Эстима» унаасы кармалган. Унааны кароо учурунда салонунда жана багажында «сасык чайыр» дары өсүмдүгү аталган 12 даана көлөмүндөгү 35 литрлик идиштери табылган. Кармалган жүктүн жалпы салмагы 300 килограммдан ашык, көмүскө базардагы баасы 20 миң доллардан башталат»-, деп айтылат маалыматта.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо максатында тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Эске сала кетсек, Кыргызстандын аймагында сасык чайыр өсүмдүгүнүн майын чогултууга тыюу салынган. Ферула же кыргызча аталышы сасык чайы — көп жылдык чөп өсүмдүгү. Кыргызстанда 35тен ашуун түрү өсөт. Индия жана Пакистан сыяктуу Азия өлкөлөрүндө тамак-ашка кошулат, ошондой эле дарылык максатта колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM