Биз менен байланышыңыз

«Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзам күчүнө кирди

Кыска кабар | 15 Авг 2023 | 933 | 0

Президент Садыр Жапаров «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга кол койгону белгилүү болду.  Бул тууралуу “Токтом” порталына 15-августта жарыяланды.

Бул мыйзам билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин орнотуп, билим берүү мекемелеринин укуктук, социалдык-экономикалык жана уюштуруу иштерин жөнгө салат.

Жаңы мыйзамда төмөнкүдөй өзгөрүүлөр бар:

-мамлекеттик же муниципалдык билим берүү мекемесин жетектегендер (мектеп директору) үчүн мөөнөт белгиленди. Ага ылайык бир жетекчи бир мекемеде 5 жылга дайындалат. Ошондой эле бир мекемеге 10 жылдан ашык жетекчи боло албайт;

— Билим берүү мекемелерин аккредитациялоого мындан ары ыктыярдуу түрдө ишке ашырылат. Бирок орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелерин аккредитациялоо милдеттүү болуп саналат;

— башталгыч, негизги жана жалпы билим берүү Кыргызстандын жарандары үчүн милдеттүү билим берүү деңгээли болуп саналат;

— инклюзивдик билим берүүнүн регламенти түзүлдү;

— педагогдордун статусу аныкталды.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун эксперттик топ жана Жанар Акаев башында турган депутаттар тобу эки жыл иштеп чыкты. Документ билим берүү министрлиги сунуштаган долбоор менен бириктирилген.

2021-жылы мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер кирген. Бул жумушчу топ «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга киришип, бирок жарандык коом менен министрликтин ортосунда пикир келишпестик орун алып, эки долбоор жазылган.

Жарандык коом депутаттар менен биргеликте иштеп чыккан мыйзам долбоору буга чейин бир канча жолу коомдук аянтчаларда талкууланган.

Copyright © 2017 Maral FM