Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы өзгөргөн жок

Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 172 | 0

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад окуясына байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасы каралды.

Сот чечими менен тергөө абагындагылардын дагы, үй камагына чыгарылгандардын мөөнөтү дагы эки айга узартылды.

Кийинки сот отуруму 21-августта өтөт. Кемпир-Абад ишине байланыштуу сот жараяны жабык өтүп жатат.

Саясатчы, активист жана блогерлер 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрда кармалган 27 адамдын 14ү камакта жатат. Калгандары үй камагына чыккан. «Кемпир-Абад иши» дээрлик сегиз ай тергелип, 19-июнда тергөөдөгү иштер сотко өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM