Биз менен байланышыңыз

Телеграмга 10 жыл. Бардык колдонуучулар үчүн stories функциясы пайда болот

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 250 | 0

Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров мессенжердин он жылдыгынын урматына бир гана премиум катталуучулар үчүн эмес, бардык колдонуучулар үчүн stories функциясын киргизет. Бул бир канча баскыч менен ишке ашат.

Мындан бир ай мурун Telegram мессенжери премиум катталуучуларга гана stories форматы киргизиле турганын жарыялаган. Бүгүн, 14-августта Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров колдонуучуларга кайрылуу жасап, мессенжердин 10 жылдыгына карата сториз жүктөөнү баары үчүн жеткиликтүү болот деп билдирди.
Ал Телеграм мессенжери артта калган он жыл ичинде өтө тез өскөнүн, эми алдыдагы он жылдыкта мессенжер гана эмес, социалдык тармак катары инновациялык өзгөрүүлөргө жетекчи болоруна ишенет.

Учурда аталган мессенжерди 800 миллиондон артык адам колдонот.

Телеграм негиздөөчүсү Павел Дуров бир жыл ичинде кирешеси өтө ылдам азайган орусиялык миллиардерлердин сап башында турат. Анын байлыгы 3,6 млрд долларга азайык, учурда 11,5 млрд байлыгы менен орусиялык миллиардерлердин арасында онунчу орунда турат.

Ал эми Forbes тизмесинде дүйнөнүн миллиардерлеринин арасында 150-орунда. Дуров өзү Forbes журналына кайрылып, аны орусиялык миллиардер деп айтпоосун суранган. Ал Орусиядан бир канча жыл мурун көчүп кеткенин жана кайра Орусияга келбей турганын билдирген. Учурда ал Бириккен Араб Эмираттарында жашайт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM