Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров мессенжердин он жылдыгынын урматына бир гана премиум катталуучулар үчүн эмес, бардык колдонуучулар үчүн stories функциясын киргизет. Бул бир канча баскыч менен ишке ашат.
Учурда аталган мессенжерди 800 миллиондон артык адам колдонот.
Телеграм негиздөөчүсү Павел Дуров бир жыл ичинде кирешеси өтө ылдам азайган орусиялык миллиардерлердин сап башында турат. Анын байлыгы 3,6 млрд долларга азайык, учурда 11,5 млрд байлыгы менен орусиялык миллиардерлердин арасында онунчу орунда турат.
Ал эми Forbes тизмесинде дүйнөнүн миллиардерлеринин арасында 150-орунда. Дуров өзү Forbes журналына кайрылып, аны орусиялык миллиардер деп айтпоосун суранган. Ал Орусиядан бир канча жыл мурун көчүп кеткенин жана кайра Орусияга келбей турганын билдирген. Учурда ал Бириккен Араб Эмираттарында жашайт.