Биз менен байланышыңыз

Тоңдо ири жол кырсыгы сегиз адамдын өмүрүн алды

Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 663 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 13-август түнү ири жол кырсыгы катталып, сегиз адамдын өмүрүн алды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Маралга» ырастады.

Министрлик берген маалыматка ылайык, кырсыкка кабылгандардын алтоосу Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Алардын үчөөсү трамватологияда дарыланып жатса, дагы үчөөсү өтө оор абалда реанимацияда.

Ал эми кырсык катталган жайдан сегиз адамдын сөөгү өлүкканага алып келинген. Алардын экөөсү жаш балдар. Бири беш айлык, дагы бири 1,5 жашта болгон.

Автокырсык Кызыл-Омол уран кенине жакын жерде катталып, BMW жана Audi унаалары кагылышып кеткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM