Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкектин тегерек четиндеги 12 жаңы конушка газ киргизилет

Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 656 | 0

«Газпром Кыргызстан» 2023-жылы 12 калктуу конушту газдаштырууну пландаштырууда. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Газдаштыруу боюнча иштер Бишкектин «Төкөлдөш», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Ак-Тилек-Турбаза» жана «Ала-Арча» калктуу конуштарында жүрүүдө, ошондой эле иштер Чүй облусунун Новопавловка жана Селекция айылдарында да башталган. Жакын арада компания «Бакай-Ата», «Жогорку Көк-Жар», «Попеновка» жана «Товарная» калктуу конуштарына ишмердигин жаят.

Жыл башында борбор калаанын «Кырман» калктуу конушунда жаратылыш газын берүү ишке ашырылган.

2023-жылы газдаштырыла турчу калктуу конуштарда газ бөлүштүрүүчү тутумдардын долбоордук узундугу 218 км түзөт:

Бишкек:

  • «Төкөлдөш» к/к – 11,3 км
  • «Ак-Тилек» к/к – 6,5 км,
  • «Ак-Тилек-Турбаза» к/к – 4 км
  • «Ак-Тилек-2» к/к – 4,3 км
  • «Ала-Арча» к/к – 12,2 км
  • «Бакай-Ата» к/к – 16,2 км (иштерди 2024-жылдын февралына чейин аяктоо пландалган)
  • «Жогорку Көк-Жар» к/к – 4,1 км
  • «Попеновка» к/к – 2,5 км
  • «Товарная» к/к – 3,8 км

Чүй облусу

  • Селекция а. – 7,7 км
  • Новопавловка а. – 146 км (бул калктуу конуштагы курулуш иштер 2023-жылдын соңуна чейин жүргүзүлөт жана 2024-жылы да улантылат, жаратылыш газын берүү жумуштар аяктаганга жараша этап-этабы менен жүзөгө ашырылат).

Жаңы райондорду газдаштыруу Кыргыз Республикасын газдаштыруунун Башкы схемасынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында жүзөгө ашырылат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM