«Газпром Кыргызстан» 2023-жылы 12 калктуу конушту газдаштырууну пландаштырууда. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Газдаштыруу боюнча иштер Бишкектин «Төкөлдөш», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Ак-Тилек-Турбаза» жана «Ала-Арча» калктуу конуштарында жүрүүдө, ошондой эле иштер Чүй облусунун Новопавловка жана Селекция айылдарында да башталган. Жакын арада компания «Бакай-Ата», «Жогорку Көк-Жар», «Попеновка» жана «Товарная» калктуу конуштарына ишмердигин жаят.
Жыл башында борбор калаанын «Кырман» калктуу конушунда жаратылыш газын берүү ишке ашырылган.
2023-жылы газдаштырыла турчу калктуу конуштарда газ бөлүштүрүүчү тутумдардын долбоордук узундугу 218 км түзөт:
Бишкек:
- «Төкөлдөш» к/к – 11,3 км
- «Ак-Тилек» к/к – 6,5 км,
- «Ак-Тилек-Турбаза» к/к – 4 км
- «Ак-Тилек-2» к/к – 4,3 км
- «Ала-Арча» к/к – 12,2 км
- «Бакай-Ата» к/к – 16,2 км (иштерди 2024-жылдын февралына чейин аяктоо пландалган)
- «Жогорку Көк-Жар» к/к – 4,1 км
- «Попеновка» к/к – 2,5 км
- «Товарная» к/к – 3,8 км
Чүй облусу
- Селекция а. – 7,7 км
- Новопавловка а. – 146 км (бул калктуу конуштагы курулуш иштер 2023-жылдын соңуна чейин жүргүзүлөт жана 2024-жылы да улантылат, жаратылыш газын берүү жумуштар аяктаганга жараша этап-этабы менен жүзөгө ашырылат).
Жаңы райондорду газдаштыруу Кыргыз Республикасын газдаштыруунун Башкы схемасынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында жүзөгө ашырылат.