Биз менен байланышыңыз

Бостериде каза тапкан жарандын өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 193 | 0

Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Алтын-Кум” пансионатынын көл жээгинде шектүү жагдайда каза тапкан жарандын өлүмүнө шектүүлөр кармалды.

6-августта Талас облусунун 23 жаштагы тургуну  А.Б. өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын көп жылдык эмгек стажы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн болчу.

Окуяны президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарына ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүүнү тапшырган.

Түзүлгөн атайын тергөө-ыкчам тобу тарабынан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн көлөмдүү иликтөө иштери, кошумча күбөлөр аныкталып, алар менен сурамжылоо иштери жүргүзүлгөн. Талас облусунун 23 жаштагы А.Бнын. өлүмүнүн себебин аныктоо максатында кошумча соттук-медициналык жана соттук — химиялык
экспертизалар дайындалган.

Андан тышкары, тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө 100дөн ашык жарандар суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көргөзмөлөрүн беришкен. Алардын берген көргөзмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган. Натыйжада, күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 220-беренесинин (Атайын тергөө аракеттеринин түрлөрү) негизинде сотко атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр киргизилип, санкциялар алынды жана атайын тергөө аракеттери ишке ашырылды.

Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар, мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29-жаштагы Э.А. болуп чыгышты.

Аталган жарандар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин (Кармоонун негиздери) негизинде Ысык-Көл РИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандарга карата тергөө амалдарын өткөрүү мезгилинде 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM