Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров АКШ президентине көңүл айтты

Кыска кабар | 13 Авг 2023 | 155 | 0

Президент Садыр Жапаров АКШ президенти Джозеф Байденге Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Телеграммада: “Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен көптөгөн адам каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Биз Америка Кошмо Штаттарынын элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Сизге, Америка Кошмо Штаттарынын элине жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”,- деп айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM