Биз менен байланышыңыз

Эртең жогорку окуу жайларга тапшыруунун 5-туру башталат

Кыска кабар | 13 Авг 2023 | 280 | 0

Эртең, 14-августта жогорку окуу жайларга тапшыруунун 5-туру башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

10-августта Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиги бекиген №4841/1 буйругун чыгарды.

Ага ылайык, бешинчи айлампага абитуриенттерди каттоо 14-август саат 8:00дөн 16-август саат 14:00го чейин жүргүзүлөт.

Жогорку окуу жайларында бош орундар болсо, 21-22-23-августта саат 9:00дө кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин тизмеси жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталгандардын тизмесине киргизилген абитуриент бир сутканын ичинде өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу керек.

Copyright © 2017 Maral FM