Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бүгүн троллейбустар каттамга чыкканы айтылды

Кыска кабар | 12 Авг 2023 | 159 | 0

Бишкектеги коомдук транспорттун бир түрү болгон троллейбустар бүгүн линияга чыгышты. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар менен болгон түшүнбөстүктөр чечилген. «Алар линияга чыгышты. Өз ара түшүнүп алдык», -деп кошумчалаган.

Бүгүн план боюнча борбор калаада 121 троллейбус каттамга чыгышы керек.

Белгилей кетсек, кечээ 10-августта троллейбустардын айдоочулары массалык жумуш таштап, айлык акыларын көтөрүп берүүнү талап кылган. Алар жолкире электрондук төлөмгө өткөн соң, кошумча каражат табуу мүмкүн болбой каларын айтып, учурда айлык 28 миң сомдун тегерегинде деп билдиришкен. 100гө жакын айдоочу жумуштан кетүү боюнча арыз жазганы айтылган. Мэрия 20-августтан кийин айдоочулардын маянасы жогорулай турганын жана 50 миңдин тегерегинде болорун билдирген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM