Биз менен байланышыңыз

Дем алыш күндөрү  Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолуна көзөмөл күчөтүлөт

Кыска кабар | 11 Авг 2023 | 273 | 0

Дем алыш күндөрү  Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолуна көзөмөл күчөтүлөт. Жол кырсыгынын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы күндөрү  Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына келе жаткан айдоочулардын катышуусунда жол унаа кырсыктары көп катталууда. Алардын бирден бир себеби айдоочулар жол эрежелерин толук сактабай, каттуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, ашып өтүү маневр жасоо эрежелерин толук сактабай, жол унаа кырсыктарынын 90 пайызына айдоочулар өздөрү себеп болууда, — деп айтылат маалыматта.

Ошондуктан, эртеңки дем алыш күндөрү да ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча каттап жаткан айдоочулардын коопсуздугун күчөтүп, кошумча постторду коюу менен жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Кечкисин жол тыгындарынын алдын алып, көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылын жөнгө салышат.

Айрыкча ылдамдыкты ашырып айдагандарга, каршы тилкеге чыккандарга жана мас абалында транспорт каражаттарын айдаган айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM