Биз менен байланышыңыз

«Барселонанын» футболдук академиясы Жалал-Абадда жана Бишкекте ачылат

Кыска кабар | 11 Авг 2023 | 764 | 0

Кыргызстанда Испаниянын белгилүү клубу «Барселонанын» футболдук академиясы ачылат. Бул тууралуу «ЖалГруп Азия»ААКсы билдирди.

Маалыматка ылайык, JalGroup Asia – «Барселона» академиясынын Кыргызстандагы франшизасынын расмий ээси. Компаниядан билдиргендей, дүйнөлүк белгилүү футболдук клубдун академиясынын филиалынын ачылышы Кыргызстанда футболдун өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Футболдук академия Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Буга чейин Жалал-Абадда чоң футбол комплекси салынганы да айтылган.

Белгилүү футболдук клубдун академиясынын франшизасын Кыргызстанга алып келген «JalGroup Asia» ААКсы Кыргызстандагы «Мурас Юнайтед Жалал-Абад» футболдук клубунун ээси болуп саналат. Маалыматтарда  «JalGroup Asia» өзүн холдинг катары тааныштырып, футболдук клуб, спорттук иш-чараларды уюштуруу, футболду популярдаштыруу жана курулуш тармагында да иш алып барганын жазат.

Холдингдин президенти Алыбаев Айбек Ташибекович экени көрсөтүлгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM