Connect with us

Чек ара боюнча топографиялык жумушчу топтун жолугушуусунда протоколго кол коюлду

Кыска кабар | 11 Авг 2023 | 303 | 0

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 4-10-август күндөрү Дүйшөмбү шаарында болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстанда болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү,  — деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында болоору пландалууда.

Буга чейин тажик тарап кыргыз-тажик чек ара тилкелери боюнча 100 км ашык чек ара сызыгы демаркацияланганын билдирген болчу.

Тажикстан Кыргызстан менен 101,86 км чек ара сызыгы демаркацияланганын билдирди

 

Copyright © 2017 Maral FM