Биз менен байланышыңыз

Президент желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 11 Авг 2023 | 344 | 0

Кыргызстанда полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө 2027-жылдын 1-январынан тартып тыюу салынат.

Ал эми Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында бул мыйзам 2024-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт.

Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган мыйзамга президент 10-августта кол койду.

Кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган баштык жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө такыр тыюу салынат.

Кабыл алынган Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын тизмеги аныкталган.

Алар:

  • бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин бардык түрлөрү;
  • тамак-аш үчүн бир жолу колдонулуучу пластик идиш;
  • ПЭТ (полиэтилентерефталат, РЕТ) пластик бөтөлкөсү;
  • жумуртка үчүн пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу идиш;
  • кофе үчүн пластик капсулалар;
  • азык-түлүк үчүн сумка тор баштыктар.

Мыйзамда экспорт үчүн өндүрүлүүчү, турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычы жок жана түргөктөп сатылуучу баштыктарга чек коюлган эмес.

Активисттердин эсебинде, Бишкек шаарындагы таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM