Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дизель майынын баасы арзандады

Кыска кабар | 10 Авг 2023 | 670 | 0

Кыргызстандагы май куюучу жайларда дизелдин баасы арзандады.

Бүгүнкү күндө май куюучу жайларда бир литр дизелдин баасы 63,6-64 сомдон сатылууда. Буга чейин дизелдин баасы 70 сомдон ашып кеткен.

Эскерте кетсек, өткөн ишембиде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев нефтетрейдерлер менен жыйын өткөргөн. Анда Камчыбек Ташиев дизель майынын баасы өтө кымбат экендигин белгилеп, бааны жөнгө салууну тапшырган. Ал жыйында нефтрейдерлер бааны арзандатууга баары макул болгону айтылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM