Биз менен байланышыңыз

Сентябрдан унааны онлайн режимде кайра каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет

Кыска кабар | 10 Авг 2023 | 372 | 0

Ички иштер министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен бирге 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 1-сентябрына чейин автотранспорт каражаттарын онлайн режиминде кайра каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүп баштайт.

Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, авто унааларды электрондук кайра каттоо андан ары уланта берет.

Автотранспорт каражатын онлайн кайра каттоо жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн ээсине берилген айыптар, туумдар, салыктар боюнча карызы жок учурларда жеткиликтүү болот. Онлайн кайра каттоо үчүн автотранспорттун ээси автотранспорт каражатын визуалдык кароодон өткөрүп, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө сүрөткө тартып алышы керек, ал эми унааны кароодон өткөндүгү тууралуу маалымат электрондук базада 30 күн сакталат. Бул мөөнөттүн ичинде менчик ээси Кыргыз Республикасынын банктары жана “Түндүк” мамлекеттик порталы тарабынан иштелип чыккан тиешелүү тиркемелер боюнча электрондук цифралык кол тамга аркылуу онлайн түрдө кайра каттата алат.

Никеде алынган транспорт каражатын кайра каттоодо жана нике тууралуу маалыматтар болгондо, жубайы дагы кайра каттоого макулдук берүү үчүн онлайн идентификациядан өтүшү керек.

Ошондой эле, унаанын алдыңкы эшиктердин каптал терезелерин караңгылатууга уруксат кагаздарына насыя берүү боюнча жана автотранспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат кагазын онлайн режиминде алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар да жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM