Биз менен байланышыңыз

Жапаров Кыргызстан санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшүп жатат деген билдирүүлөргө жооп берди

Кыска кабар | 9 Авг 2023 | 122 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кыскача маек куруп, анда Кыргызстан санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшүп жатат деген билдирүүлөргө жооп берди.

Маекте президентке америкалык сенатор Роберт Менендес жазган кат тууралуу жана буга чейин Кыргызстандык компания Кытайдан дрон же учкучсуз аппараттарды Казакстан аркылуу өткөрүү учурунда кармалганы тууралуу да маалымат чыкканы жөнүндө суроо берилген.

Садыр Жапаров бул суроого: «Эч кандай негиз жок. Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Өздөрү бири бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат», — деп жооп берген.

Ошондой эле кыргызстандык компания дрон алып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалганы тууралуу маалыматты тастыктап, бирок ал дрондор айыл чарба багытына жумшала турган дрондор болчу деп түшүндүрдү. Ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз, — деп кошумчалаган президент.

Ал эми америкалык сенатордун жазган каты тууралуу: «Ал эми менин атыма сенатор эле эмес, төбөсү көрүнгөн чоңдордун баарынан эле андай каттар көп келип турат. Муну мен жөн гана Кыргызстанды кандай болсо дагы бир шылтоо таап, кысым кылып, өздөрү жакка тартуу деп билем. Биз андайга жол бербейбиз. Биз эгемендүү мамлекетпиз. Баардык өлкөлөр менен бирдей мамиледе болобуз. Көп векторлуу саясат жүргүзөбүз. Россия-Украина маселесинде башталышында эле биз нейтралдуубуз деген позициябызды билдиргенбиз. Ошол позициядан жазбайбыз. Биз позициябызды бир тарабына өзгөртүп койсок эле ошол тарабы жеңип кетпейт. Бизден көз каранды эмес», — деп билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM