Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлиги тоютту эскпорттоого тыюу салды

Кыска кабар | 9 Авг 2023 | 229 | 0

Айыл чарба министрлиги тоютту экспорттоого убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыкты.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, быйыл кардын аз жаашы жана жаздын кеч келиши аба ырайынын өтө ысык болушуна жана жаан-чачындын аз болушуна байланыштуу тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү төмөн болгон. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан алынган ыкчам маалыматтарды талдоодо былтыркыга салыштырмалуу тоют аз болгону аныкталган.

Мындан улам Айыл чарба министрлиги ички рынокто чөптүн жана башка тоют өсүмдүктөрүнүн тартыштыгын жана баанын өсүшүн алдын алуу үчүн экспорттоого чектөө киргизет.

Акыркы жылдарда республикада 1 шарттуу малдан орточо эсеп менен 7,0-8,0 центнерге жакын тоют бирдиги алынууда, бул зоотехникалык нормалардын 50%ын түзөт, ал эми, тоют бирдиктеринин жетишсиздигин дыйкандар жайыттарды тоюттандыруунун эсебинен толтурууда, б.а. жайыттарды пайдалануу.

2023-жылдын аягына карата тоют өндүрүү божомолу республика боюнча 3885,3 миң тоннаны түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM