Биз менен байланышыңыз

Майлуу-Суу шаарынын жылуулук системасын оңдоо иштери сентябрга чейин толук бүтөт

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 263 | 0

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Майлуу-Суу шаарынын 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.

Төрөбаев “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын № 1 жана № 3 отканаларынын абалы менен таанышуу үчүн барды.

Бүгүнкү күнгө карата Майлуу-Сууда № 3 отканага жаңы суу куурларын орнотуу, “Артезиан” суусун тартып келүү иштери аткарылган. Учурда тартылып келген суу куурларга кое берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери сентябрга чейин бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, № 3 отканага куурларды орнотуу, суу жеткирүү иштерине 2,7 млн сом мамлекеттик бюджеттен жумшалды.

Эскерте кетсек,ушул жылдын 13-январында аба ырайынын ызгаардуу суугунан улам, Майлуу-Суу шаардык суу менен камсыздоо ишканасынын суу куурлары тоңуп, шаар суусуз, жарыксыз жана жылуулуксуз калган. Мындан улам шаарга “өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, кийин калыбына келтирилген болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM