Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасынын 101,86 км сызыгы демаркацияланганы тууралуу комментарий берди

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 179 | 0

Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-тажик чек арасынын 101,86 км сызыгы демаркацияланганы тууралуу комментарий берди.

Маалыматта «2021-жылдын май айынан тарта азыркы күнгө чейин кыргыз-тажик чек арасынын 101.86 км сызыгы картага түшүрүлдү. Ушул жылдын башынан бери эки тарап жети жолу жолугушту. Жетинчи жолугушуу ушул күндөрү Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат. Ал 10-августка чейин уланат», — деп айтылат.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы талаштуу аймактардын болжолдуу долбооруна кол койгонун «Sputnik Тажикстан» басылмасы тажик аткаминерине шилтеме берип маалымдаган.

Анда кечээ, 7-августта тажикстандык ММКлар өлкөнүн Жерди башкаруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин башчысы Ориф Хожазоданын билдирүүсүнө таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы 101,86 км аралык демаркацияланганын жазды.

Хожазода эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн топографиялык комиссиясынын ортосунда 7 жолу жолугушуу болгонун да билдирген.

Буга чейин Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Абдикарим Алимбаев менен жолуккан.

Copyright © 2017 Maral FM