Биз менен байланышыңыз

Экс-министр Кутманованын абактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 155 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы башчысы Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү ушул жылдын 9-октябрына чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн райондук сотто Кутманованын бөгөт чарасы каралып, сот анын абактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алган.

Эскерте кетсек, Динара Кутманова УКМК тарабынан Жаратылыш ресурстары министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Динара Кутманова экология министри болуп турганда мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык тармакты уюштурган. Мындай иштерге кол алдындагы кызматкерлерин, уулу жана сиңдисин, үй кызматкери, уулунун досу жана башкаларды  тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.

Үч жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону министрликтин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн.

Ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.

Copyright © 2017 Maral FM