Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө бир жумада 21 129 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Кыска кабар | 7 Авг 2023 | 111 | 0

Өлкө аймагында бир жума ичинде 21 129 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Мекеменин маалыматында айтылгандай,  31-июлдан тартып, 6-августка 21 129 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-196;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -251;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-57;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 565;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 311;

-Авто ээнбаштык – 9;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 720;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 1;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 019;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 415 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM