Өлкө аймагында бир жума ичинде 21 129 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Мекеменин маалыматында айтылгандай, 31-июлдан тартып, 6-августка 21 129 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-196;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -251;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-57;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 565;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 311;
-Авто ээнбаштык – 9;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 720;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 1;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 019;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 415 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.