Биз менен байланышыңыз

Президент темир жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 4 Авг 2023 | 265 | 0

Президент Садыр Жапаров темир жол тармагынын кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы – өлкөнүн темир жолчулар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы куттуктоосунда темир жол тармагы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана социалдык туруктуулугунун негиздеринин бири болуп саналары айтылат.

«Тармактагы солгундап туруп калган иш ордунан жылып, ырааттуу өнүгүүгө багыт алды. Поезддин вагондору оңдоп-түзөөдөн өтүп, модернизацияланууда жана жаңылары алынууда. Жүргүнчүлөргө заманбап шарттар түзүлүүдө. Өткөн жылдын жазында өлкөдө биринчи жолу темир жол кура баштадык. Бул “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолунун курулушунун башталышы чындыгында темир жол тармагыбыздын калыптанышында маанилүү окуя болуп калды», — деп билдирген президент өз куттуктоосунда.

Ошондой эле, азыркы учурда Кыргызстан транзиттик жүк ташуулардын натыйжалуу системасы түзүлүп жатканын, дүйнөлүк рынокко интеграцияланууга мүмкүндүк берет турган “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу” амбициялуу долбоорун ишке ашырууга кадам ташталганын да өзгөчө белгилеген.

 

Copyright © 2017 Maral FM