Биз менен байланышыңыз

Анталияда кыргызстандык жаранды унаа сүзүп каза тапты

Кыска кабар | 3 Авг 2023 | 504 | 0

Түркиянын Анталия шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайда кыргызстандык жаранды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Анталиядагы жергиликтүү басылмалар жазды.

Окуя кечээ, 2-августта Анталия шаарынын Кепез районунда болгон. Анда 30 жаштагы кыргызстандык А.Ш жолду кесип өтүп жаткан учурда жеңил авто унаа келип сүзгөн. Унаа катуу келгендиктен кыргызстандык жаран оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза тапкан.

Тез жардам келип, жабырлануучу сактай албай калышканын билдирген.

Учурда маркумдун сөөгү моргго жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM