Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда соттолуп, Тажикстанга өткөрүлүп берилген эки тажик жараны эркиндикке чыкты

Кыска кабар | 3 Авг 2023 | 1527 | 0
Баткен. Тажикстандын кол салуусу учурунда өрттөлгөн үй. 2021-жыл

Тажикстандын бийлиги Кыргызстанда узак мөөнөткө соттолуп, кийин Душанбеге өткөрүлүп берилген тажик жарандары Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовду эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлаганын Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Маалыматка караганда, Абдукаххоров менен Юнусов бир нече айдан бери кармалып турган Явандагы абактан 28-июлда чыккан.

Абдукаххоров 2-августта «Озоди» радиосуна маек берип, бийлик органдарына жасалган көптөгөн кайрылуулардан кийин Юнусов экөө акталып, эркиндикке чыгышканын билдирди.

«Башкы прокуратуранын өкүлү биз отурган Яван абагына барып, Аскар экөөбүз президенттин жарлыгы менен бошотулганыбызды, биздин соттуулугубуз жоюлганын айтты. Биз ыраазычылык билдирип, үй-бүлөбүзгө кайтып келдик», – деди Абдукаххор.

Аскар Юнусов менен Абдурозик Абдукаххоров Тажикстандын жарандары. 2021-жылдын жазына чейин Кыргызстандык Борбордук айылында жашашкан. Борбордук менен Тажикстандын Хистеварз айылын болгону бир көчө гана бөлүп турат.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалына байланыштуу кармашкан. Тергөөчүлөр алардын биринин телефонунан тажик чек арачылары менен бирге түшкөн сүрөттөрү табылганын билдирген. Экинчиси жаңжал учурунда кыргыз айылдарын талап-тоноого катышканы кабарланган.

Баткен облусунун Лейлек райондук соту Абдукаххоров менен Юнусовду «Тынчтыкка каршы кылмыш жасоо» жана «Талап-тоноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. 2021-жылы декабрда Баткен облустук соту алардын жазаларын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 2022-жылы июнда Кыргызстан Абдукаххоров менен Юнусовду калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Тажикстанга өткөрүп берген.

2021-жылы апрель-май айларындагы чек арада Тажикстандын кол салуусу учурунда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM