Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: БШК Абировдун талапкер болушуна уруксат берген жок

Кыска кабар | 2 Авг 2023 | 420 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу мурдагы депутат Жаныбек Абировдун №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга берген арызын карап чыкты. Ага ылайык, экс-депутат Жаныбек Абировду кайрадан каттоого алууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Абиров шайлоого талапкер катары катышууга 28-июлда БШКга арыз берген. БШКнын эки мүчөсү шайлоо тууралуу мыйзамга таянып, шайлоонун кайра өтүшүнө себепчи болгон жаран талапкер боло албай турганын билдиришкен болчу. Бүгүнкү отурумда БШКнын 9 мүчөсү Абировдун талапкер болуусуна каршы добуш берсе, үч мүчөсү талапкер боло алат деп добуш берген.

БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекова, Абиров бул чечим боюнча сотко даттанууга укугу бар экенин билдирди.

Буга чейин «Конституциялык мыйзамда кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон жаран кайра шайлоого катыша албайт деген норма бар. Моралдык жагынан караганда да туура эмес болот. Мындан тышкары, каржылык чыгымдарды эске алыш керек» , — деген БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Жаныбек Абиров 12-мартта мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылып, ага «мээнин жабык жаракаты» диагнозу коюлган. Жабырлануучу ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура Абировду жоопкерчиликке тартууну сураган.

Жаныбек Абиров мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин белгилеп, мандатын тапшырарын айткан. БШК Абировду 27-мартта мандатынан ажыраткан.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, Бишкектин Ленин району боюнча округда кайра шайлоо дайындалып, 28-майда өткөн. Бирок эки талапкер добуш сатып алууга айыпталып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM