Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын ТИМи Швецияда Куран китебинин өрттөлүшүн айыптады

Кыска кабар | 1 Авг 2023 | 638 | 0
Кечээ, 31-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүү швед тараптын демилгеси менен болгон. Анда Кыргызстан менен Швециянын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу маселелери талкууланган. Тактап айтканда, министрлер саясий байланыштарды улантуунун жана ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешкен.
Швециянын Тышкы иштер министри Ыйык Куран китебинин нускасынын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча Швеция өкмөтүнүн позициясын белгиледи. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир эткен мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек» — деген пикирин билдирген.

28-июнда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатканда 37 жаштагы ирактык качкын Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин тепкилеп, өрттөгөн. Окуя тартылган видео интернетке тараган. Полиция акцияны кайтарып, коомдук тартипти көзөмөлдөп турган.

Сауд Арабиясы, Ирак, Иран, Марокко жана башка мусулман өлкөлөрү окуяны айыптаган. Пакистанда мусулмандар 7-июлда, жума намаздан кийин митингге чыгып, нааразылык билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM