Биз менен байланышыңыз

Ак-Ордодо кичи автобусту сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 1127 | 0

Бишкек четиндеги Ак-Ордо 3 конушунда SCANIA үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жүргүнчү ташыган 169-кичи автобусту сүзүп, бир киши каза болгон.  Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалганын Чүй милициясы «Маралга» билдирди.

Маалыматка караганда, жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган Т.Ч. аттуу жаран экендиги  аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, 19-июлда саат 07:50 чамасында Ак-Ордо 3 конушунун Элмирбек Иманалиев көчөсүндө жүргүнчү салып жаткан кичи автобусту жүк ташыган унаа артынан келип сүзгөн. Кырсыктан 1 адам каза болуп, 4 адам реанимацияга жаткырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM